1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

“Иш кагаздарынын мамлекеттик тилде туура жазылышы”

Бүгүн, 23.04.2026-жылы, Педагогикалык колледжде “Иш кагаздарынын мамлекеттик тилде туура жазылышы” аттуу мастер-класс өткөрүлдү. Иш-чарага ЖАМУнун мамлекеттик тил жана саясат боюнча адиси Кайкыева Улпат Тагайбековна катышып, мамлекеттик тилде иш кагаздарын, өзгөчө протоколдорду туура жана сабаттуу жүргүзүү боюнча кеңири маалымат берди.

Мастер-класстын жүрүшүндө протоколдорду мамлекеттик тилде түзүүнүн негизги талаптары, алардын түзүлүшү, тилдик нормаларды сактоо, расмий стилди колдонуу жана документтерди талапка ылайык даярдоо боюнча практикалык мисалдар менен түшүндүрмөлөр берилди.

Иш-чарага 5 колледждин катчылары катышып, өздөрүнүн кесиптик билимин жогорулатууга жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты. Катышуучулар үчүн мастер-класс пайдалуу, мазмундуу жана тажрыйбалык жактан маанилүү болду.

Мындай иш-чаралар мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, иш кагаздарын жүргүзүү маданиятын жакшыртууга жана адистердин кесиптик деңгээлин көтөрүүгө өбөлгө түзөт.