1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

51

Педагогикалык колледжде бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу өттү

2026-жылдын 22-апрелинде  Педагогикалык колледжде “Мектепке чейинки билим берүү” адистигинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чара келечектеги тарбиячылардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана тажрыйба алмашууга багытталды.

Иш-чаранын негизги максаттары:

Кесиптик мотивация берүү: Студенттерге тандаган адистигинин маанилүүлүгүн жана коомдогу кадыр-баркын бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтери аркылуу көрсөтүү.

Тажрыйба алмашуу: Бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн практикалык ишмердүүлүгүндөгү кызыктуу учурлар, кыйынчылыктар жана аларды жеңүү жолдору тууралуу маалымат беришти.

Кесиптик баалуулуктарды калыптандыруу: Балдарга болгон сүйүү, сабырдуулук жана жоопкерчилик сыяктуу сапаттар талкууланды.

Иш-чарага катышкандар:

МЧББ ПЦКсынын төрайымы — Кыргызбаева А. К.

Окутуучулар: Галдыбаева В. А., Маматова А. Б, Алмасбек кызы Ж. Абакирова М.М

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы — Жолдошалиева Н. С.

Педагогикалык колледжинин өндүрүштүк окуу иштери боюнча директордун орун басары — Кудукбаева Э. Э.

Бүтүрүүчүлөр:

Токтосунова А. К, Омурбекова А. О, Маннабова М. Б, Токтосунова А. К, Талантбекова М. Б.

Жыйынтык:

Иш-чаранын жыйынтыгында бүтүрүүчүлөр тарабынан сунуштар берилип, билим берүү процессине тиешелүү айрым толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди.