1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

55

Педагогикалык колледждин студенттери чоң ийгилик жаратышты!

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун 95 жылдыгына арналган “Эл аралык орто кесиптик билим берүү мекемелеринин ортосундагы математика боюнча «Акылдуулар таймашы – 2026»” интеллектуалдык оюнунда педагогикалык колледждин "Акыл күчү" командасы мыкты жыйынтык көрсөтүштү.

29 окуу жайдын арасынан өздөрүнүн терең билимдерин, логикалык ой жүгүртүүсүн жана ыкчамдыгын даңазалап, алар татаал математикалык тапшырмаларды так жана ылдам аткаруу менен 1-орунду багындырышты.

Бул чоң жетишкендикке студенттерди жеткирген илимий жетекчиси — Токтогулова Зина Абдыкасовна өзүнүн жогорку кесипкөйлүгү, талыкпас эмгеги жана жоопкерчиликтүү мамилеси менен зор салым кошту.

Аталган ийгилик — студенттердин тырышчаактыгынын, максатка умтулуусунун жана окутуучунун сапаттуу эмгегинин айкын жыйынтыгы.

Педагогикалык колледждин жамааты жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктап, аларга мындан аркы окууларында жана келечектеги ишмердүүлүгүндө дагы да бийик ийгиликтерди каалайт!