1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

56

 «Байыркы дүйнөдөгү олимпиадалык оюндар» аталышындагы ачык сабак 

 Дене тарбия ПЦКсынын окутуучусу Раззаков К. жогорку деңгээлде уюштуруп, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу менен сабак өтүлдү.

Сабактын жүрүшүндө студенттер байыркы Олимпиада оюндарынын тарыхы, алардын пайда болушу, өнүгүү этаптары жана дүйнөлүк маданияттагы орду тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле, ал кездеги оюндардын өзгөчөлүктөрү, катышуучуларга коюлган талаптар жана мелдештердин түрлөрү талкууланды.

Интерактивдүү ыкмалар, суроо-жооп, топтук иштер аркылуу студенттердин сабакка болгон кызыгуусу жогору болуп, өз ойлорун эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Сабакта тарбиялык мааниге да өзгөчө көңүл бурулуп, спорттун адам жашоосундагы орду, ден соолукту чыңдоодогу мааниси баса белгиленди.

Ачык сабак өз максатына жетип, катышкан окутуучулар тарабынан жогору бааланды. Мындай сабактар студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу менен бирге, окутуучулардын тажрыйба алмашуусуна да чоң өбөлгө түзөт.