1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

65

Практиканттар мектепте: билим берүүдө жаңы кадамдар.

Студент-практиканттардын жалпы билим берүүчү мектептердеги ишмердүүлүгү ийгиликтүү уланууда. ЖАМУнун Педагогикалык колледжинин Башталгыч класстарда окутуу адистигинин практика жетекчиси Арзыматова В.М., окутуучу Б. Исманалиева, Досалиева М. М. Ноокен районундагы №19 А.Казаков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде мамлекеттик практикасын өтөп жаткан студенттердин сабактарына катышып, алардын теориялык билимдерин практикада колдонуу деңгээли менен жеринде таанышышты.

БКМк-6- тайпасынан  Расулжанова Фарзона 2-класстын окуучуларына Адабий окуу сабагынан Б. Алыкуловдун “Ынтымак” ыры боюнча ачык сабак өттү. Сабак учурунда интерактивдүү методдор натыйжалуу колдонулуп, окуучулар ынтымак темасын терең түшүнүү үчүн “Күч бирдикте” жомогу боюнча ролдук оюндарды аткарышты. Мындай ыкма балдардын сабакка болгон кызыгуусун арттырып, теманы турмуштук мисалдар менен байланыштырууга мүмкүнчүлүк берди.

Ал эми БКМк-5-23 тайпасынан Хасанбаева Мадина 1-класста "Мен жана дүйнө" сабагынан “Магниттер” деген темада ачык сабак уюштурду. Кичинекей окуучулар магниттин тартылуу жана түртүлүү күчтөрү боюнча жаңы маалыматтарды алып, кызыктуу тажрыйбаларды жасашты. Магниттин ар кандай түрлөрү көрсөтмө курал катары колдонулду. Ар бир окуучунун деңгээлине жараша дифференцияланган тапшырмалар берилди. Окуучулар өз ойлорун эркин билдирип, изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өстүрүштү.

БКМк-5-23 тайпасынан Хасанбаева Барчиной 1-а класста Математика сабагынан «Бүтүн обьектти тең жана тең эмес бөлүу” темасында ачык сабак өттү. Окуучулар “Билимдүүлөр” жана “Ойчулдар” тобу болуп, реалдуу жашоодо колдонууга үйрөтүүчү практикалык тапшырмаларды аткарышты. Андагы турмуштук мазмундагы маселелер, таблица, диаграмма менен иштөө, моделдөө (сүрөт, схема) иштери окуучулардын функционалдык математикалык сабаттулугун өнүктүрүүгө багытталган сабак болду.

БКМк-3-23 тайпасынын студенти Шарабидинова Айгүл 4-класста Мен жана дүйнө сабагынан “Ден соолук жана жашоо түрү” темасында ачык сабак уюштурду. Окуучулар темага карата бар маалыматтары менен ой бөлүшүп, андан соң ден соолукка пайдалуу азык заттар, жемиштер ошондой эле күндөлүк режим жашоодогу мааниси, ролу жөнүндө дагы да жаңы маалыматтарга ээ болушту. Жашылча жемиштердин адам организмине кандайча пайдалуу экендигин “Доктордор” тобу аныкташса, ал эми “Тазалык” тобу күн режимин туура түзүү боюнча практикалык изилдөө жүргүзүштү.

Жогорудагы ачык сабактарга карата практика жетекчилери жана мектеп мугалимдери өз анализдерин беришип, сунуштарын айтышып,  студент-практиканттардын аракеттери, практиканын жүрүшүндөгү ишмердүүлүктөрүн жакшы деп баалашып, келечекте мыкты мугалим болооруна ишеним билдиришти.