1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

70

Кесип тандоо — келечекке кадам: профориентация иштери

Келечектеги кесипти туура тандоого багыт берүү максатында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун педагогикалык колледжинин окутуучулары Арзыматова В.М., Исманалиева Б. Ноокен районундагы №19 А.Казаков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 9-11-класстарыны бүтүрүүчүлөрү менен профориентациялык иш чара өткөрүштү.

Иш-чаранын негизги максаты: окуучуларга азыркы эмгек рыногундагы мугалимдик кесиптин кадыр-баркы, артыкчылыктары жана колледждеги билим берүү багыттары тууралуу кеңири маалымат берүү.

Окутуучулар бүтүрүүчүлөргө педагогикалык колледждеги даярдалуучу адистиктер: (башталгыч класстардын мугалими, мектепке чейинки билим берүү, дене тарбия мугалими), колледжге тапшыруу үчүн керектүү документтер, колледжди аяктагандан кийинки жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жана жогорку окуу жайларында окууну улантуу жолдору жөнүндөгү маалыматтарды беришти.

"Мугалимдик кесип — бул жөн гана жумуш эмес, бул келечек муундун тагдырын калыптандыруучу улуу жол. Биз сиздерди заманбап билим берүү чөйрөсүнөн күтөбүз!" — деп белгилешти колледждин өкүлдөрү.

Окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, окуу жайдын босогосун аттоодогу жеңилдиктер тууралуу маалымат алышты. Иш-чаранын соңунда атайын даярдалган буклеттер жана маалыматтык баракчалар таратылды.

Бул жолугушуу көптөгөн окуучуларыбыздын келечектеги максаттарын аныктоого чоң жардам берди деп ишенебиз.