1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

“Кыргыз санжырасы – кылым мурасы”

Окуу жайыбызда улуттук баалуулуктарды даңазалоого арналган “Кыргыз санжырасы – кылым мурасы” аттуу куратордук саат жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – жаш муунга ата-бабалардан калган руханий мурастарды таанытуу, улуттук аң-сезимди бекемдөө жана салт-санаага болгон урматты арттыруу болду.

Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттер кыргыз элинин санжырасы тууралуу кеңири маалымат беришип, жети ата түшүнүгүнүн маанисин терең түшүндүрүштү. Санжыра – бул жөн гана ата-тек эмес, ал элдин тарыхы, маданияты жана муундан-муунга өтүп келе жаткан асыл мурасы экендиги баса белгиленди.

Ошондой эле студенттер улуттук кийимдер тууралуу айтып, алардын өзгөчөлүктөрүн, тарыхый маанисин көркөм баяндап беришти. Улуттук кийимдер кыргыз элинин бай маданиятынын ажырагыс бөлүгү экендиги көрсөтүлдү.

Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү катары “Жети ата – ыйык мурас” аттуу темада сахналык көрүнүш тартууланды. Бул көрүнүш аркылуу студенттер жети ата салтын сактоонун маанисин, анын тарбиялык ролун таасирдүү жеткире алышты.

Мындан тышкары, студенттер кыргыз элинин накыл сөздөрүн, макал-ылакаптарын көркөм айтып беришип, алардын тарбиялык маанисин ачып беришти. Иш-чара улуттук бий менен коштолуп, катышуучуларга өзгөчө маанай тартуулады.

Куратордук сааттын соңунда темага байланыштуу викторина уюштурулуп, студенттердин алган билимдери бекемделди. Активдүү катышкан студенттер сыйланышты.

Мындай мазмундуу иш-чаралар улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттырып, алардын патриоттук сезимин калыптандырууга чоң салым кошот.