1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

2026-жылдын апрель айында ЖАМУнун Педагогикалык колледжи тарабынан уюштурулган профориентациялык иш-чара мектептерде өткөрүлдү

Педагогикалык колледжинин МТ,социалдык жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Рахат Шукуровна,БКО жана КТ ПЦКсынын окутуучусу Маккамбай кызы Райкан жана Кудукбаева Элмира   Сузак районуна караштуу   №60 К.Осмоналиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби, № 40 М.Камбаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби,N°3 Чангыр-Таш атындагы жалпы орто билим беруучу мектеби ,№25 Мыктарбек Төрөмаматов атындагы  жалпы орто билим берүү мектеби,№30 Фуркат атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби,Кара-Дарыя айылы №20 М.Маткаримов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби,№ 42 Ташполот Мурсалиев атындагы ЖББ орто мектептеринде окуучулар менен жолугушуу уюштурушту.

Иш-чаранын негизги максаты — мектеп окуучуларына кесип тандоодо жардам берүү жана педагогикалык адистиктер жөнүндө кеңири маалымат берүү болду.

Иш-чаранын алкагында төмөнкүдөй маалыматтар берилди:

Окуучулар педагогикалык адистиктердин маанисин жана бул тармакта кандай карьералык мүмкүнчүлүктөр бар экенин билишти.

Мектеп окуучуларына ар кандай адистиктер жана алардын талаптары тууралуу маалымат берилди. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар үчүн профориентациялык тренингдер жана семинарлар уюштурулуп, алар кесип тандоодо кандай факторлорду эске алуу керектигин жана кандай жумуштарды аткарууга кызыкдар экени тууралуу ойлорун бөлүштү.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча, көптөгөн окуучулар педагогикалык адистиктерге болгон кызыгуусун арттырып, бул тармакта билим алууга кызыгышты. Кесип тандоодо өздөрүнө туура келчү адистикти аныктоого жардам берген бул иш-чара мектеп окуучулары үчүн пайдалуу болду.