1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

Математиканы окутуудагы практикага багытталган мамиле: педагогикалык колледждин студенттеринин тажрыйбасы

Мамлекеттик практиканын алкагында педагогикалык колледждин студенттери мектептердеги математика сабактарында ар кандай көрсөтмөлүү жана интерактивдүү оюндарды колдонуу менен өздөрүнүн кесиптик даярдыгынын жогорку деңгээлин активдүү көрсөтүүдө. Стандарттык эмес методикаларды колдонуу окуу процессин кенже мектеп окуучулары үчүн кызыктуу, жеткиликтүү жана натыйжалуу кылууга мүмкүндүк берет.

Алсак, Сузак районундагы А. Юнусов атындагы №65 орто мектебинде практика өтөп жаткан БКМк-7-23 тайпанын  студенти Талибжанова Мубина «мисалдар салынган баклажка» аттуу оригиналдуу ыкманы киргизген. Окуучулар суунун ичине жайгаштырылган тапшырмаларды кызыгуу менен байкап, аларды окуп жана чечимдерин чыгарышты, бул алардын таанып-билүү активдүүлүгүн жана кунт коюусун өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

Манас шаарындагы №4 орто мектепте практика өтөгөн БКМк-7-23 тайпанын  студенти Иминджанова Ойша оозеки эсептөөлөрдү уюштуруу үчүн телефондун моделин колдонгон. Окуучулар сандарды «терип», «чакыруу» баскычын басуу менен сумманы табышты, бул процесске оюн элементин кошту. Бул математиканы окутуу процессин динамикалуу жана кызыктуу кылды. Кошумча ирет «жооптун пайда болушу» техникасы колдонулду: салфеткага суу чачканда туура жооп пайда болуп, балдардын жандуу кызыгуусун жана эмоционалдык реакциясын жаратты.

Өзгөчө көңүл бурууга татыктуу иш — БКМк-7-23 тайпанын  студенти Усанбаева Самиранын жасаган иши. Ал нут (буурчак) дандарын колдонуп, геометриялык фигуралардын 3D-моделин түзгөн. Мындай көрсөтмөлүүлүк окуучуларга мейкиндик элестетүүлөрүн жана фигуралардын касиеттерин жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берди.

Студенттер алган теориялык билимдерин ийгиликтүү колдонуу менен чектелбестен, окуу процессин уюштурууга чыгармачылык менен мамиле жасап, өздөрүнүн методикалык чечимдерин иштеп чыгып жаткандыгы кубандырат.

Педагогикалык колледждин методисти Тобокелова Саламат Амановна практиканттар менен жолугушууларды өткөрүп, аларга сабактын пландарын түзүүдө, жаңы ыкмаларды жана интерактивдүү оюндарды табууда көмөк көрсөтөт. Бул ыкмалар математиканы окутуу процессин окуучулар үчүн кызыктуу жана түшүнүктүү кылууга жардам берет. Методисттин мындай жардамы практиканттарга мугалимдик ролдо өздөрүн ишенимдүү сезүүгө жана практиканы ийгиликтүү өтөөгө шарт түзөт.