1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

62

Педагогикалык колледжинин студенттери жумуш ордунда окутуу учурунда

Педагогикалык колледжинин окутуучусу М. Мамбетова БКМб-2-24 тайпасынын студенттери менен  Эне тили жана эне тилин окутуу усулу дисциплинасынын алкагында Манас шаарындагы №4 жалпы билим берүүчү орто мектепте жумуш ордунда окутууга катышты. Студенттер текст менен иштөөнүн этаптарын жана окутууда колдонулуучу заманбап ыкмаларды сабак учурунда байкап, практикалык тажрыйба топтошту.

Практикант - студент Максуталиева Жибек тарабынан өткөрүлгөн сабакта текст менен иштөөнүн үч баскычы колдонулуп, тема үн кубултуп окуу аркылуу түшүндүрүлдү. Сабакта санариптик технологиялар кеңири пайдаланылып, ChatGPT, Grok AI, Gemini жана InShot платформалары аркылуу даярдалган видео материал көрсөтүлдү. Окуучулардын түшүнүүсүн текшерүү үчүн суроо-жооп ыкмасы жана каармандарга мүнөздөмө берүү тапшырмалары колдонулду. Сабак окутуучу М. Мамбетова жана студент – практикант Максуталиева Жибек табынан даярдалды.  Андан кийин класс мугалими тарабынан тестти  тыным менен окуу сратегиясын колдонуп , түшүндүрүп берди.

Жыйынтыгында, сабак интерактивдүү ыкмалар менен коштолуп, натыйжалуу өттү. Иш-чарадан кийин студенттер менен талкуу жүргүзүлүп, аларга сабактын иштелмесин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.