1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

«Биздин айлана-чөйрө» темасында ачык сабакайлана-чөйрө» темасында ачык сабак

Артыкбаева Диана

Сабактын максаты:

Окуучуларга айлана-чөйрө тууралуу түшүнүк берүү;

Табиятты коргоо жана ага аяр мамиле кылууга тарбиялоо;

Сабактар аралык байланыш аркылуу билимди тереңдетүү.

Сабактын жүрүшү:

Мамлекеттик практика учурунда 2-класс окуучулары менен «Мен жана дүйнө» предметинен «Биздин айлана-чөйрө» темасында ачык сабак өткөрүлдү. Сабак жагымдуу маанай түзүү менен башталып, окуучулардын кызыгуусун ойготуу максатында темага байланыштуу суроолор жана кызыктуу тапшырмалар берилди.

Окуучулар үч топко бөлүнүп, ар бир топко өз алдынча иштөөгө багытталган тапшырмалар сунушталды. Сабактын жүрүшүндө «Мен жана дүйнө» предмети сүрөт жана математика сабактары менен интеграцияланып, окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүргөн тапшырмалар колдонулду.

Мындай ыкма окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырып, алардын активдүү катышуусуна шарт түздү. Ар бир топ берилген тапшырмаларды аткарууда ынтымакта иш алып барып, өз ойлорун эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Жыйынтыктоо:

Сабактын акыркы бөлүгүндө окуучуларга бышыктоо иретинде кошумча суроолор берилип, теманы канчалык деңгээлде өздөштүргөндүгү аныкталды. Окуучулар суроолорго так жана ишенимдүү жооп берип, сабактын максатына жеткендигик байкалды.

Жалпысынан сабак мазмундуу, кызыктуу жана натыйжалуу өттү.Практика жетекчиси Пахирдинова Л.А