1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

57

Практика – кесиптик калыптануунун маанилүү баскычы. 

Студент-практиканттардын жалпы билим берүүчү мектептердеги ишмердүүлүгү ийгиликтүү уланууда. Алар болочок башталгыч класс мугалими катары кесиптин жоопкерчилигин, татаалдыгын жана өзгөчөлүктөрүн практика жүзүндө терең өздөштүрүп жатышат. Бул процесс көпчүлүгүндө кесиптик туруктуулукту калыптандырса, айрымдар үчүн мугалимдик кесиптин татаалдыгын аңдоого шарт түзүүдө.

ЖАМУнун Педагогикалык колледжинин окутуучусу Б. Исманалиева “Башталгыч класс мугалими” адистигиндеги студенттердин мамлекеттик практикасын өтөп жаткан мектептерде болуп, алардын теориялык билимдерин практикада колдонуу деңгээли менен жеринде таанышты.

БКМк-5-23 тайпасынан Ибраимова Айдана 3-б класста кыргыз тили сабагынан “Сүйлөмдүн ээси” темасы боюнча ачык сабак өтүп, интерактивдүү методдорду натыйжалуу колдонду. Окуучулар топтук иш, сүйлөм түзүү жана текстти улантуу сыяктуу практикалык тапшырмалар аркылуу активдүү катышышты.

Ошондой эле Жакыбалиева Ырыскан 4-д класста “Акылдуу дыйкан” жомогу боюнча ачык сабак өтүп, инновациялык технологияларды колдонуу менен окуучулардын чыгармачылык жана ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жетишти. Сабакта дифференцияланган тапшырмалар колдонулуп, окуучулар өз ойлорун эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Жыйынтыгында, практика студенттер үчүн бир эле учурда кызыктуу жана жоопкерчиликтүү процесс экендиги белгиленди. Мындай иш-чаралар алардын кесиптик чеберчилигин арттырып, келечекте мыкты адис болуп калыптануусуна өбөлгө түзөт.