1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

53

«3кө көбөйтүү жана бөлүү жадыбалы» темасында ачык сабак өткөрүлдү

№4 Б. Шамшиев атындагы орто мектебинде 2-класста «3кө көбөйтүү жана бөлүү жадыбалы» темасында ачык сабак өткөрүлдү. Сабакты БКМк-01-24 тайпасынын студенти, практикант Башанова Акинай жогорку деңгээлде уюштурду. Иш-чарага практика жетекчиси Пахирдинова Л. жана класс жетекчиси Эргешова Бурул эже катышышты.

Сабактын башында окуучулардын көңүлүн буруу жана темага кызыгуу жаратуу максатында «Үй куруу» аттуу оюн колдонулду. Бул ыкма окуучуларга жаңы теманы жеңил кабыл алууга жардам берип, математикалык түшүнүктөрдү турмуш менен байланыштырууга өбөлгө түздү.

Сабак интерактивдүү усулдардын негизинде өтүп, кызыктуу дидактикалык оюндар менен коштолду. Окуучулар 3 топко бөлүнүп, «Ким көп клубника жыйнайт?» жана «Ким биринчи Айга учат?» аттуу оюндар аркылуу тапшырмаларды аткарышты. Бул оюндар окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырып, алардын активдүүлүгүн жогорулатты. Ар бир топ берилген суроолорго жооп берип, 3кө көбөйтүү жана бөлүү боюнча билимдерин бекемдешти.

Сабак учурунда окуучулар өтө активдүү катышып, топ менен иштөө көндүмдөрүн көрсөтө алышты. Акинай окуучулар менен натыйжалуу байланыш түзүп, ар биринин сабакка катышуусуна шарт жаратты.

Сабактын жыйынтыгында өткөрүлгөн иш-чара талданып, анын жетишкен жактары жана айрым кемчиликтери белгиленди. Ошондой эле практика жетекчиси тарабынан методикалык сунуштар берилип, келечектеги сабактарды дагы да жакшыртуу боюнча баалуу кеңештер айтылды.

Жыйынтыктап айтканда, ачык сабак максатына жетип, окуучулардын билим сапатын жогорулатууга жана мугалимдин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түздү.