1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

Педагогикалык колледждин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик практикада: теориядан — иш жүзүнө.

Педагогикалык колледждин бүтүрүүчү студенттери учурда мамлекеттик практиканы ийгиликтүү өтүп жатышат. Бул этап — келечектеги мугалимдер үчүн эң маанилүү баскычтардын бири болуп саналат.

Студенттерге тажрыйбалуу мугалимдер тарабынан методикалык жардам көрсөтүлүп, анын ичинде Маткасымова Адина Мадаминовна студенттерге багыт берүү, сабак өтүүнүн ыкмаларын түшүндүрүү жана практикалык колдоо көрсөтүү иштерин жүргүзүүдө.

Алар сабактарды пландаштыруу, окуучулар менен иштөө, тарбиялык иш-чараларды уюштуруу сыяктуу негизги педагогикалык көндүмдөрдү өздөштүрүшүүдө.

Мындай практика студенттердин кесиптик өсүүсүнө өбөлгө түзүп, аларды келечекте сапаттуу билим берүүчү мугалим болууга даярдайт.