1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

БКМк-04-24 тайпасынын студенти Шукурова Чынара мамлекеттик практикасын өтөө учурунда «Адабий окуу» сабагынан «1-Май — Эмгекчилердин эл аралык майрамы» темасында ачык сабак өткөрдү.

Сабакка практика жетекчиси Пахирдинова Л. жана мектептин бир катар мугалимдери катышып, өз бааларын беришти. Ачык сабак заманбап талаптарга ылайык уюштурулуп, окуучулардын активдүүлүгүн арттырууга багытталды.

Сабактын жүрүшүндө:

окуучулар топторго бөлүнүп, биргелешип иштешти;

кызыктуу оюндар жана интерактивдүү методдор колдонулду;

суроо-жооп, талкуу жана чыгармачылык тапшырмалар аркылуу тема терең өздөштүрүлдү.

Айрыкча, эмгектин баалуулугу, майрамдын мааниси тууралуу түшүнүктөр окуучуларга жеткиликтүү жана кызыктуу формада берилди. Окуучулар өз ойлорун эркин айтып, сабакка активдүү катышышты.

Сабак жандуу, мазмундуу жана жогорку деңгээлде өтүп, катышкан мугалимдер тарабынан оң бааланды. Бул ачык сабак студенттин педагогикалык чеберчилигин, сабакты уюштуруудагы чыгармачылыгын жана жоопкерчилигин көрсөтө алды.