1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

Ааламга саякат: Педагогикалык колледжде космонавтика күнү белгиленди

Педагогикалык колледжинде адамзат тарыхындагы улуу окуяга — Эл аралык авиация жана космонавтика күнүнө арналган тарбиялык жана таанып-билүүчүлүк маанидеги чоң иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын тарыхый мааниси терең. 1961-жылы 12-апрелде Юрий Алексеевич Гагариндин космоско жасаган алгачкы учушу бүтүндөй адамзат үчүн жаңы доорду ачып, космосту өздөштүрүүнүн башаты болуп калган. Бул күн азыркы муун үчүн илимий ачылыштарга болгон умтулуунун жана кыялга жетүүнүн символу.

Бул маанилүү майрамды белгилөөнүн негизги максаттары:

  • Студенттердин илимге, заманбап технологияларга жана астрономияга болгон кызыгуусун арттыруу;
  • Мекендештерибиздин сыймыгы — Кыргызстандын дүйнөгө белгилүү космонавты Салижан Шариповдун өмүр жолу жана космостогу эмгектери тууралуу маалыматтарды тереңдетүү;
  • Илим менен практиканы айкалыштыруу: космостук сырдуу кубулуштарды физикалык мыйзамдардын алкагында илимий тилде түшүндүрө билүү көндүмдөрүн калыптандыруу.

Иш-чаранын алкагында студенттер космос темасында ар түрдүү чыгармачыл долбоорлорду жана макеттерди даярдашты. Алар өз өнөрлөрүн көрсөтүү менен бирге, астрономиялык билимдерин, логикалык ой жүгүртүүсүн жана тапкычтыгын далилдешти. Сахналык көркөм өнөр, бий жана илимий көргөзмөлөр менен коштолгон майрамдык программа жогорку деңгээлде өтүп, катышуучуларга терең таасир калтырды.

Программанын соңунда жеңүүчү тайпаларга жана активдүү студенттерге атайын номинациялар ыйгарылды. Ар бир жетишкендик «Астроинженер», «Галактика изилдөөчүсү», «Чыгармачыл команда», «Күн нуру», «Комета» жана «Астросүрөтчү» сыяктуу креативдүү наамдар менен бааланып, дипломдор тапшырылды.

Бул маанилүү иш-чара 2026-жылдын 17-апрелинде Педагогикалык колледжинин ЖББ ПЦКсынын физика предметинин окутуучулары Темирбаева Бегайым жана Сенкебаева Элизалар тарабынан уюштурулду. Студенттердин илимге болгон мындай кызыгуусу алардын келечектеги кесиптик өсүүсүнө жана ааламды таанып-билүүсүнө чоң салым кошот.