1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

53

Мыкты практикант - келечектеги мыкты адис.

Базар-Коргон жана Сузак райондорунда Педагогикалык колледждин студенттери мамлекеттик практикадан өтүп жатышат. Практиканын жүрүшүндө студенттер мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жана мектептерде өздөрүнүн теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдеп, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүшүүдө.

Практика жетекчилери А.К. Кыргызбаева жана В.А. Галдыбаева студенттердин практика өтүп жаткан жайларына барып, алардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, сабактарына катышып, ар тараптуу талдоо жүргүзүштү. Ошондой эле практиканттарга сабактарды уюштуруу, методикалык ыкмаларды туура колдонуу жана окуу-тарбия процессин жакшыртуу боюнча баалуу усулдук жардамдарын беришти.

Мындай текшерүүлөр студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, өз алдынча иш алып баруу жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө жана келечектеги адис катары калыптанышына өбөлгө түзөт.