1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

“Медалга карай жол: өжөр кыздын күрөшү”

Борбор калаадагы «Жаштык Арена» спорт комплексинде 13-14-апрель күндөрү  алыш белбоо күрөшү боюнча Азия чемпионаты болуп өттү. Атталган  чемпионатта ПКнын ДТк-2-23 тайпасынын студентти Жакыпова Асел 55кг га чейинки салмак категориясына классикалык стиль боюнча күч сынашып,байгелүү 2-орунду  багындырды.

Спортчуну педагогикалык колледждин жамааты жана жалпы студенттери  салтанаттуу түрдө  тосуп алышты.

Иш-чарага КРнын дене тарбия  жана спорттун  мытысы, ЖАМУнун эмгек сиңирген окутуучусу, КР билим берүүнүн отличниги Мазакбай Разаков да катышып, женүүчүлөргө ийгилик каалап,студенттерди ар тараптан өнүгүүгө,талыкпай эмгектенип билим алууга  чакырды. 

Жакыпова Аселдин машыктыруучусу  дене тарбия окутуучусу Анарбаев Касым өз сөзүндө бул ийгиликтин артында билим берген окутуучулардын салымы тоодой экенин баса белгиледи.