1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

ЖАМУнун 103 жылдыгына карата Педагогикалык колледжде Масленица майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара БКМк-4-25 жана БКМк-2-25 топторунун студенттеринин катышуусунда, Султанова Г. Р., Анвар кызы Гүлбүбү жана Акматбеков Мар жетекчилигинде уюштурулду.

Майрамдын негизги максаты — студенттерди элдик каада-салттар жана маданий мурастар менен тааныштыруу, Масленицанын тарыхы, келип чыгышы жана мааниси тууралуу маалымат берүү болду. Иш-чаранын катышуучулары майрамдын символикасы, үрп-адаттары жана жөрөлгөлөрү менен таанышып, майрамдык программага активдүү катышышты.

Мындай иш-чараларды өткөрүү жаштарды элдик маданияттын башатына жакындатууга, каада-салттарды урматтоого тарбиялоого жана руханий баалуулуктарды сактоого өбөлгө түзөт.