1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

Бүгүнкү практикант, эртеңки адис

Педагогикалык колледждин мектепке чейинки билим берүү  ПЦКсынын МЧББб-2-23 жана МЧББк-2-23 тайпалары учурда мамлекеттик практикадан өтүп жатышат. Практиканын негизги максаты – студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, кесиптик компетенцияларын калыптандыруу жана өркүндөтүү болуп саналат.

Практика учурунда студенттер мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбиялоо жана окутуу процессине активдүү катышып, күнүмдүк ишмердүүлүктү уюштуруунун өзгөчөлүктөрү менен таанышышууда. Алар балдар менен иштөөдө заманбап педагогикалык ыкмаларды колдонуу, сабактарды пландаштыруу жана өткөрүү боюнча тажрыйба топтошууда.

Студенттердин практикасы окутуучу-практика жетекчи А.К. Кыргызбаева жана практика жетекчи Э.Э. Кудукбаева тарабынан тыкыр текшерилип, усулдук жана практикалык жактан колдоо көрсөтүлүүдө.