1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

61

Базар-Коргон районунун мектептериндеги практика: тажрыйба жана изденүү

Учурда ЖАМУнун Педагогикалык колледжинин «Башталгыч класс мугалими» адистигинин 3-курстары мамлекеттик практикаларын өтөп жатышат. Методист-окутуучулар студенттер менен тыгыз байланышта болуп, алардын ишмердүүлүгүн жеринде көзөмөлдөп, усулдук жардам беришүүдө. Мектеп жетекчилиги жана класс жетекчилер студенттердин жоопкерчилигине жана даярдыгына баа беришип, кемчиликтерин белгилеп өтүштү.

2026-жылдын 16-апрелинде окутуучулар В. Арзыматова жана Б. Исманалиева Базар-Коргон районундагы бир катар мектептерде болушту: Р. Ботирова (№3 Бабур мектеби, 1-класс) – «Алиппе» сабагы; А. Бөрүбаева (№12 Капар мектеби, 2-класс) – «Көркөм өнөр» сабагы; М. Тагайбекова (А. Юсупов мектеби, 3-класс) – тарбиялык ачык сааты.

Практиканттар сабакты туура пландаштыруу, заманбап ыкмаларды жана көрсөтмөлүү куралдарды колдонуу боюнча өз жөндөмдөрүн көрсөтө алышты. Сабактардан кийин талдоо жүргүзүлүп, студенттерге тиешелүү сунуштар берилди.

Ошондой эле, окутуучулар мектеп мугалимдери менен биргеликте 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн өзгөчөлүктөрү, жаңы окуу китептери жана мамлекеттик стандарттардын талаптары боюнча пикир алышып, тажрыйба бөлүшүштү.