1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

«Көбөйтүү менен бөлүүнүн байланышы»

БКМк-01-24 тайпасынын студенти Нурайым Анапияева мамлекеттик практика учурунда 2-а классында мазмундуу жана уюшкан ачык сабактарды өттү.

Математика сабагында «Көбөйтүү менен бөлүүнүн байланышы» темасы практикалык мисалдар жана логикалык тапшырмалар аркылуу жеткиликтүү түшүндүрүлдү. Окуучулар теманы жакшы өздөштүрүүсү үчүн алар топторго бөлүнүп, видео роликтерди көрсөтүлдү, ар бир топко өз алдынча тапшырмалар берилди. Бышыктоодо болсо "Жаа атуу" оюну аркылуу бышыкталып окуучулар активдуу катышып жоопторун берип жатты.Бул ыкма окуучулардын кызматташтыкта иштөөсүн жана активдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түздү.

Адабий окуу сабагында «Карышкыр менен түлкү» темасы өтүлүп, сабактын башында кызыктыруу максатында темага байланыштуу жаныбарлардын үдөрү угузулуп темага өбөлгөн түзүлдү. Бул окуучулардын көңүлүн буруп, сабакка болгон кызыгуусун арттырды. Андан соң тексти ролдоштуруп көркөм окуп берди. Андан сон каармандардын (карышкыр менен түлкү ) образдарына Венндин диограммасын толтурду.Жыйынтыктоодо болсо " Сыйкырдуу эшик"оюну аркылуу жыйынтыкталды. Окуучулар өз ойлорун эркин билдиришти.

Сабактарда интерактивдүү доска натыйжалуу колдонулуп, ар түрдүү оюндар, кызыктуу жана чыгармачыл тапшырмалар менен коштолду. Мындай ыкмалар окуучулардын сабакка активдүү катышуусун камсыз кылды.

Ачык сабактарга практика жетекчиси Пахирдинова Л., класс жетекчиси Козубаева Т. жана мектептин башка мугалимдери катышып, өткөрүлгөн сабактардын деңгээлине оң баа беришти.