1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

Теориядан практикага: Педагогикалык колледждин студентинин «5Е» форматындагы математика сабагы

Мамлекеттик практика — бул келечектеги мугалимдин кесипкөйлүгүнүн пайдубалы түптөлө турган эң маанилүү этап. Бул күндөрү педагогикалык колледждин бүтүрүүчүлөрү Манас шаарынын жана Жалал-Абад облусунун райондорунун мектептеринде өз билимдерин сынап, заманбап билим берүү чөйрөсүндө иштөөгө даяр экендиктерин көрсөтүп жатышат.

2026-жылдын 13-апрелинде Сузак районундагы А. Гайдар атындагы №22 мектепте 2-класстын (12 жылдык окутуу) окуучулары үчүн математикадан ачык сабак өттү. БКМк-7-23 тайпасынын студенти Усанбаева Самира «3D фигуралар» тема боюнча сабак өттү.

Сабак инновациялык 5E (Engagement, Exploration, Explanation, Elaboration, Evaluation) модели боюнча долбоорлонгон. Бул  модель окуучуларга мугалимди жөн гана угуу менен чектелбестен, билимди өз алдынча «ачууга» мүмкүнчүлүк берди. Окуучулар тиш чукугучтарды жана нут (нокот) дандарын колдонуу менен кубдун жана пирамиданын каркас моделдерин жасашты. Эң чыгармачыл окуучулар андан ары барып, үйдүн моделин курушту. Самира окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүнө жана фантазиясына басым жасады. Кичи топтордо иштөө балдарга кооперация жана коллаборация (кызматташуу) көндүмдөрүн өздөштүрүүгө жардам берди.

Баалоо «Мен бүгүн үйрөндүм...» деген ачык диалог түрүндө өтүп, анда ар бир бала өзүнүн жетишкендигин аңдап биле алды.

Сабактын жогорку деңгээлде өтүшү — бул педагогикалык колледждин системалуу ишинин натыйжасы. Сабакка методист жана практика жетекчиси Тобокелова С.А., класс жетекчи Токторбаева У. жана башталгыч класстардын секция башчысы Паизова Орозкан  катышты.

Бул сабак педагогикалык колледж менен А. Гайдар атындагы мектептин ортосундагы натыйжалуу кызматташтыктын жаркын мисалы болду. Мектептин педагогдору Самиранын даярдыгы тууралуу жылуу пикирлерин билдирип, анын ишенимдүүлүгүн, методиканы терең билгендигин жана ар бир окуучуга тил таба билүү жөндөмүн белгилешти.

Мындай өнөктөштүк бизге предметти гана билбестен, балдарды окууга шыктандыра алган адистерди даярдап чыгарууга мүмкүндүк берет.

Бүтүрүүчүлөрүбүзгө практиканы ийгиликтүү аяктап, жаңы кесиптик жеңиштерге жетишишин каалайбыз!