1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

72

"Кана эмесе, кыздар!"

2026-жылдын 13-апрелинде Педагогикалык колледжинде «Кана эмесе, кыздар!» аттуу маданий-тарбиялык конкурс уюштурулуп өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу менен байланышта өткөрүлүп, жаштардын улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттырууга багытталды. Конкурска колледждин МЧББ, ЖББ, БКО жана КТ ПЦКсынын студенттери катышты.

Конкурстун негизги максаты — студент кыздардын талантын, чыгармачылык жөндөмүн, адеп-ахлактык маданиятын жана улуттук каада-салттарды урматтоо сезимин өнүктүрүү болду. Ошондой эле кыздардын коомдогу ордун даңазалоо жана алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүү максат кылынды.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар ар кандай сынактар боюнча өздөрүнүн билим деңгээлин, тапкычтыгын, сахна маданиятын жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү. Улуттук кийимдерди тааныштыруу, көркөм өнөр, ыр-бий, суроо-жооп бөлүктөрү менен катар эле кыздар ашпозчулук чеберчилигин да көрсөтүштү. Тактап айтканда, салат даярдоо жана камыр жаюу боюнча өз өнөрлөрүн жогорку деңгээлде аткарышты.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен мыкты катышуучулар аныкталып,дипломдор менен сыйланышты.

Бул конкурс студент кыздардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүп, улуттук маданиятты сактоого жана жайылтууга чоң салым кошту.