1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 месяца назад

122

Жумуш ордунда окутуу алкагында мастер-класс өткөрүлдү

2026-жылдын 10-апрелинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогикалык колледжинде БКМ жана КТ ПЦКсынын окутуучулары С.О.Козубаева, Б.М.Исманалиевалар тарабынан “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин мамлекеттик практикадагы практикант-студенттери үчүн “Эмоционалдык интеллект жана психологиялык колдоо” аталышындагы жумуш ордунда окутуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты катышуучуларга эмоционалдык интеллекттин мааниси, анын компоненттери - өзүн-өзү аңдоо, өзүн-өзү жөнгө салуу, мотивация, эмпатия жана социалдык көндүмдөр тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле, башталгыч класстын окуучуларынын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иш алып баруу, конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу, окуучуларга колдоо көрсөтүүнүн эффективдүү ыкмалары талкууланды.

Практикант-студенттер ар түрдүү интерактивдүү ыкмалар аркылуу - топтук талкуулар, кырдаалдык тапшырмалар менен өз билимдерин бекемдеп, реалдуу сабак учурунда колдонууга ылайыктуу көндүмдөрдү өздөштүрүштү.

Иш-чара жандуу талкуу, пикир алмашуу жана тажрыйба бөлүшүү менен коштолуп, катышуучулар үчүн пайдалуу жана маанилүү болду. Мындай окутуулар болочок мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, окуучулар менен иштөөдө гумандуу жана натыйжалуу мамилени калыптандырууга чоң салым кошот.