1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

47

"Келечектин кесибине кичинекей кадамдар менен"

Педагогикалык колледждин МЧББ адистигинин МЧББб-2-23 тайпасынын студенти Жалилова Фатима Кеп өстүрүү сабагынан "Келечектин кесибине кичинекей кадамдар менен..." деген темада ачык сабак уюштуруп, сабактын жүрүшүндө болочоктогу кесибине болгон кызыгуусун, изденүүсүн жана заманбап ыкмаларды салттуу сабак менен айкалыштыруу чеберчилигин көрсөтө алды. 12 жылдык билим берүүгө негизделген "Сингапур методикасынын" элементтерин жасалма интеллекттин жардамы менен мектепке чейинки курактагы балдарга практикалоо мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды. Жыйынтыгында визуалдык образдар аркылуу балдардын ой жүгүртүүсү, кеп өстүрүү жана кабыл алуу жөндөмдөрү активдешип, оюн форматын камтыганы менен жандуу сабакка айланды. Сабактын аягында практика жетекчилери Маматова А.Б. тарабынан талдоо жасалып, сунуш-пикирлер айтылды, жакшы баа берилди.