1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

15

"Ишеналы Арабевдин көз карашы - улуттук жаңылануу жана өнүгүү"

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 24-июнундагы №205 «Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөгөн аталары жөнүндө» Жарлыгынын жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын №01-20/5582 катынын негизинде колледждин ичинде ишке ашыруу максатында "Ишеналы Арабевдин көз карашы-улуттук жаңылануу жана өнүгүү" аталышындагы  эссе жазуу сынагы 1-курстар үчүн  уюштурулду. Бул иш-чаранын негизги максаты — студенттердин тарыхый жана илимий дүйнө таанымын кеңейтүү, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына зор салым кошкон улуу инсандардын мурасын терең үйрөнүүгө багыт берүү болуп саналат.Атап айтканда, сынак аркылуу студенттерди Ишеналы Арабаевдин улуттук жаңылануу жана өнүгүү тууралуу көз караштарын терең түшүнүүгө үндөө, анын агартуу тармагындагы эмгегин баалоо жана андан үлгү алууга чакыруу көздөлөт. Ошондой эле эссе жазуу сынагы студенттердин чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө, өз оюн так жана мазмундуу жеткирүүгө, жазуу маданиятын өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Мындай иш-чаралар жаш муундун интеллектуалдык деңгээлин жогорулатууга, алардын коомдогу активдүү жаран катары калыптанышына өбөлгө түзөт.

Эссе жазуу сынагы 2026-жылдын 10-арелинде жыйынтыгы чыгарылып женүүчүлөр сыйланды.