1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

13

«Акылдуулар таймашы – 2026» аталышындагы интеллектуалдык-математикалык оюндун 1-туру болуп өттү.

А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун базасында жогорку окуу жайлар аралык уюштурулган «Акылдуулар таймашы – 2026» аталышындагы интеллектуалдык-математикалык оюндун 1-туру болуп өттү.

Бул таймашка жалпысынан 27 колледжден студенттер катышты. Алардын арасында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Педагогикалык колледжинин студенттери да активдүү катышышты.

Аталган таймаш студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана өз ара тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлдү.