1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

12

"24-Март Элдик революция күнүнүн»" 21 жылдыгына жана "7-апрель – Элдик Апрель революциясынын" 16 жылдыгына карата тегерек стор болуп өттү.

Бүгүн Педагогикалык колледжде Жалпы билим берүү (ЖББ) ПЦКсынын тарых окутуучулары тарабынан «24-Март Элдик революция күнүнүн» 21 жылдыгына жана «7-апрель – Элдик Апрель революциясынын» 16 жылдыгына карата тегерек стол уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттерге өлкө тарыхындагы маанилүү окуялар тууралуу терең маалымат берүү, алардын жарандык аң-сезимин калыптандыруу жана тарыхый окуяларга сын көз караш менен баа берүүгө үйрөтүү болду.

Тегерек столго төрт тайпа катышып, даярдаган баяндамаларын сунушташты. Катышуучулар революциялардын келип чыгуу себептери, жүрүшү жана тарыхый мааниси тууралуу кеңири ой бөлүшүп, активдүү талкуу жүргүзүштү. Ошондой эле студенттер өз көз караштарын билдирип, тарыхтан алынган сабактар боюнча пикир алышышты.

Иш-чара мазмундуу, жандуу жана кызыктуу өтүп, студенттер үчүн пайдалуу болду. Мындай иш-чаралар жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу менен катар, алардын мекенчилдик сезимин бекемдөөгө жана жигердүү жарандык позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөт.