1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

6

Практика учурундагы кызыктуу сабак

Мамлекеттик практикасын №77 Т.Байзаков атындагы орто мектебинде өтөп жаткан БКМк-01-24 тайпасынын студенти Нурзада Айбекова практика жетекчиси Пахирдинова Л .

11 жылдык билим берүү программасынын алкагында 2-класстын окуучуларына математика сабагынан «Бөлүүнүн касиеттери» темасында кызыктуу жана натыйжалуу сабак өттү.

Сабак заманбап ыкмалар менен уюштурулуп, окуучулардын активдүүлүгүн арттырууга өзгөчө көңүл бурулду. Ар бир тапшырма балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана өз алдынча иштөөсүнө багытталды.

Сабак төмөнкү тапшырмалар менен коштолду:

🔹 1-тапшырма: Тегерекчеде берилген мисалдардын жоопторун табуу

Бул тапшырма аркылуу окуучулар бөлүүнүн негизги эрежелерин бекемдеп, ыкчам эсептөө жөндөмдөрүн өнүктүрүштү.

🔹 2-тапшырма: «Отту–өчүр» оюну

Окуучулар куйуп жаткан мисалдарды туура иштеп суу менен өчүрүү менен өз билимдерин текшеришти. Бул оюн сабакка кызыгууну арттырды.

🔹 3-тапшырма: Маселе чыгаруу

Окуучулар турмуштук мисалдарга негизделген маселелерди чыгарып, бөлүү амалын практикада колдонууга үйрөнүштү.

Сабак жандуу, кызыктуу жана окуучулар үчүн түшүнүктүү деңгээлде өттү. Окуучулар активдүү катышып, берилген тапшырмаларды ийгиликтүү аткарышты.

Бул сабак студенттин педагогикалык чеберчилигин жана сабакты уюштуруудагы чыгармачыл мамилесин көрсөттү.