1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

8

"Ишеналы Арабаевдин көз карашы – улуттук жаңылануу жана өнүгүү» аталышындагы адабий кече.

КРнын Президентинин 2024-жылдын 24-июлундагы «Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө» №205 Жарлыгын жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын №01-20/5582 катынын негизинде аталган Жарлыкты ишке ашыруу максатында педагогикалык колледжинин мектепке чейинки билим берүү адистигинин студенттери тарабынан «Ишеналы Арабевдин көз карашы – улуттук жаңылануу жана өнүгүү» аталышындагы адабий кече уюштурулду. Аталган иш-чараны педагогикалык колледжинин мектепке чейинки билим берүү адистигинин ПЦК жетекчиси Кыргызбаева Айсулуу жетектеп, жогорку деңгээлде өткөрдү.

Кеченин негизги максаты — көрүнүктүү агартуучу, коомдук ишмер Ишеналы Арабевдин өмүр жолу, эмгек ишмердүүлүгү жана анын улуттук өнүгүүгө кошкон салымын даңазалоо, ошондой эле студенттердин руханий-адептик дүйнөсүн байытуу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан ырлар аткарылып, улуттук бийлер бийленди. Ошондой эле көркөм окуулар окулуп, хордук чыгармалар жаңырып, сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү. Бул чыгармалар аркылуу Ишеналы Арабевдин агартуучулук иши, элге болгон кызматы жана анын идеяларынын бүгүнкү күндөгү мааниси көркөм чагылдырылды.

Кечеде студенттер активдүү катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Өзгөчө жакшы катышып, чыгармачылык жөндөмүн көрсөткөн студенттерге атайын грамоталар тапшырылып, ыраазычылык билдирилди.

Жыйынтыгында, мындай адабий кечелер жаш муундардын тарыхка, улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттырып, алардын жарандык аң-сезимин жана патриоттук сезимин калыптандырууга чоң өбөлгө түзөрү белгиленди.