1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

7

2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциянын 21 жылдыгына жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциянын 16-жылдыгына карата педагогикалык колледжинде тарбиялык сааттар өтүлүүдө.

Педагогикалык колледждин студенттерине Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү окуялардын бири болгон элдик революциялар тууралуу куратордук сааттар өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге 24-март жана 7-апрель окуяларынын себептери, жүрүшү жана тарыхый мааниси тууралуу кеңири маалымат берүү, ошондой эле жарандык аң-сезимин калыптандыруу болду.

Куратордук сааттын жүрүшүндө 2005-жылдагы 24-март революциясы жана 2010-жылдагы 7-апрель окуялары талкууланып, алардын коомго тийгизген таасири айтылды. Айрыкча ошол мезгилдеги саясий кырдаал, элдин нааразычылыгы жана бийлик алмашуу процесстери тууралуу студенттер активдүү ой бөлүшүштү. Мындан сырткары, Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин башкаруу доорлору да салыштырылып каралды.

Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, студенттер суроолорго жооп берип, талкууга катышышты. Алар тарыхый окуялардан сабак алып, келечекте өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу маанилүү экенин белгилешти.

Жыйынтыгында, мындай куратордук сааттар студенттердин тарыхка болгон кызыгуусун арттырып, жарандык позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөрү айтылды.