1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

14

ETNO STEAM: Кыргыздын маданиятына негизделген билим берүү модели

Педагогикалык колледждин МЧББ ПЦКсынын студенттери үчүн окутууучу Маматова А.Б. тарабынан “Улуттук баалуулуктарды заманбап билим берүү технологиялары менен айкалыштыруу” темасында кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн, чыгармачыл жана креативдүү жаңы муунду тарбиялоо багытын жайылтууга арналган практикалык сабак өтүлдү.

Бала бакчалар үчүн ETNO STEAM программасынын негизги багыттары — оюн аркылуу окутуу, майда моториканы өнүктүрүү жана нейрогимнастикага негизделген. Ошондой эле оюн моделдери аркылуу Кыргызстандын географиясын терең үйрөтүүгө басым жасалат.

Бул сабакта студенттер:

• «Төө-Ашуу» жана «Долон» моделдери;

• «7 облус» оюну;

• Кыргызстандын картасы түшүрүлгөн пазлдар;

• Анимация тартуучу мультиплатформа;

• Пескография жана Артпанель менен иштөөнүн ыкмаларын өздөштүрүштү.

Бул технологиялык чечим мектепке чейинки билим берүүдө бир нече маанилүү максаттарды ишке ашырат:

- Санариптик сабаттуулук: Планшет, клавиатура жана чычкан менен иштөө аркылуу балдар заманбап технологияларды эрте өздөштүрүшөт.

- Чыгармачыл ой жүгүртүү: Каармандарды пластилинден жасоо жана аларга окуя ойлоп табуу баланын фантазиясын өстүрөт.

- Медиа-мейкерлик: Бала жөн гана көрүүчү эмес, мазмун жаратуучу (контент-мейкер) катары өзүн сынай алат.

- Тил өстүрүү: Каармандарды озвучкалоо (үн коштоо) баланын сүйлөө кебинин, интонациясынын жана диалог түзүү жөндөмүнүн өнүгүшүнө шарт түзөт.