1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

10

"Улуттук дем - балдардын жүрөгүндө" сүрөт конкурсу.

Педагогикалык колледжинде МЧББ ПЦКсынын башчысы Айсулуу Кыргызбаева жана Венера Галдыбаева  студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана мекенчилдик сезимди арттыруу максатында “Улуттук дем – балдардын жүрөгүндө” аталышындагы сүрөт конкурсун  уюштурушту.

Бул конкурс аркылуу катышуучулар өздөрүнүн ички дүйнөсүн, ой-сезимдерин сүрөт аркылуу чагылдырууга мүмкүнчүлүк алышты.

Сүрөт өнөрү – бул жөн гана тартуу эмес, бул – ой жүгүртүүнүн, сезимдин жана дүйнөгө болгон көз караштын күзгүсү. Ошондуктан конкурс студенттердин чыгармачылык изденүүсүн колдоп, алардын талантын ачууга багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулардын эмгектери атайын калыстар тобу тарабынан бааланып, эң мыкты иштер ар кандай номинациялар боюнча сыйланды. Мындан тышкары, көрүүчүлөр да өз добуштарын берип, “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү” номинациясын аныкташты.

Бул конкурс – жаштардын улуттук мурастарга болгон сый-урматын арттырып, алардын жүрөгүндө мекенге болгон сүйүүнү бекемдеген маанилүү маданий иш-чара болуп саналат.