1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

30

Агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйү тарабынан семинар уюштурулду 

Бүгүн педагогика колледжинде Санарипке өтүү: окуу материалдарын онлайн-платформаларга жайгаштыруу жана санариптик инструменттерди окуу процессине интеграциялоо маселелери талкууланды.Семинардын алкагында «Окуу китеби» мекемесинин адистери жана координаторлору математика жана табигый илимдер багытындагы жаңы материалдарды сабак учурунда натыйжалуу колдонуу боюнча практикалык презентацияларды жасашты.Ошондой эле тажрыйбалуу педагогдорду жаңы китептердин сапатын текшерүүгө эксперт катары катышууга чакыруу сунушу айтылды.Бул иш-чара билим берүүнүн мазмунун жаңылоого жана мугалимдердин кесиптик деңгээлин көтөрүүгө багытталган системалуу иштердин уландысы болуп саналат.