1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

14

Педагогикалык колледжде ата-энелер жыйналышы өттү

2026-жылдын 4-апрелинде 1-курсунда билим алган 324 студенттин ата-энелери үчүн чоң жыйын болуп өттү. Жыйналыштын негизги максаты — студенттердин окуу жетишкендиктерин талкуулоо, тарбия жана коопсуздук маселелерине көңүл буруу жана ата-энелер менен окутуучулардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө болду.

Коопсуздук жана алдын алуу иштери. Иш-чарага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышып, бүгүнкү күндүн актуалдуу көйгөйлөрү боюнча кеңири маалымат берип түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү:

·         Терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү: Манас ШИИБдин өкүлү Каныбек Мырзабеков жаштар арасында диний экстремисттик идеологиялардын жайылышына жол бербөө боюнча маалымат берди.

·         Өспүрүмдөр менен иштөө: Манас ШИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын улук лейтенанты Дарыя Дилдебаева студенттердин тартиби жана жоопкерчилигине токтолду.

·         Кибер кылмыштуулук: Манас ШИИБдин өкүлү Алишер уулу Айбек интернеттеги коркунучтар жана кибер кылмыштардын алдын алуу жолдорун түшүндүрдү.

·         Баңгизатка каршы күрөшүү: Жалал-Абад ОИИБдин БМЖКККнын (Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы) улук ыкчам өкүлдөрү, милициянын подполковниги Эрмек Маданов жана Султан Тагаев баңгиликтин алдын алуу маселелерин козгошту.

·         Үй-бүлөлүк зомбулук: Аймактык тескөөчү, милициянын капитаны Асел Ниязова зордук-зомбулуктун алдын алуу жана мыйзамдык жоопкерчиликтер боюнча кеңири маалымат берди.

Жыйналыштын экинчи бөлүгүндө окуу процесси талкууланды. Окуудагы ийгиликтери, үлгүлүү тартиби жана коомдук иштердеги активдүүлүгү менен айырмаланган студенттерге «Грамоталар» тапшырылды.

Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, алдыңкы студенттердин ата-энелерине баласына татыктуу тарбия бергендиги үчүн окуу жайдын жетекчилиги тарабынан «Ыраазычылык каттар» ыйгарылды.

Ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолоруна адистерден жооп алып, колледждин келечектеги пландары менен таанышты. Бул жолугушуу студенттердин коопсуз жана сапаттуу билим алуусу үчүн окуу жай менен ата-энелер биргеликте иш алып баруусу зарыл экенин дагы бир жолу тастыктады.