1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

15

"Элдик тарбия ыкмалары жана заманбап педагогика”

Педагогикалык колледжинде  “Элдик тарбия ыкмалары жана заманбап педагогика” аталышында МЧББ ПЦКсынын жетекчиси Кыргызбаева Айсулуу  тегерек стол уюштурду. Бул иш-чаранын негизги максаты — улуттук тарбиянын баалуулуктарын сактоо менен бирге, аны азыркы билим берүү системасына айкалыштыруу, мугалимдердин тажрыйба алмашуусуна  жана студенттерге элдик тарбиянын манилүүлүгүн түшундүрүүгө шарт түзүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө элдик тарбиянын өзгөчөлүктөрү, анын ичинде каада-салттар, макал-лакаптар, санжыра жана элдик оозеки чыгармачылык аркылуу тарбия берүүнүн мааниси талкууланды. Катышуучулар бул ыкмалар жаш муундун адеп-ахлактык баалуулуктарын калыптандырууда чоң роль ойной турганын белгилешти. Мындан тышкары, заманбап педагогиканын усулдары — интерактивдүү окутуу, санариптик технологияларды колдонуу, окуучуга багытталган окутуу ыкмалары тууралуу баяндамалар жасалды. Талкуунун жүрүшүндө элдик тарбия менен заманбап ыкмаларды айкалыштыруу аркылуу натыйжалуу билим берүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Иш-чара жыйынтыгында катышуучулар улуттук баалуулуктарды унутпай, аларды билим берүү процессине киргизүү зарылдыгын белгилешип, практикалык сунуштарды иштеп чыгышты. Тегерек стол жандуу пикир алышуу менен өтүп, бардык катышуучулар үчүн пайдалуу болду.