1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

18

«Оригами технологиясы: Кагазды бүктөө аркылуу фигураларды жасоо»

Педагогикалык колледжде ачык эшиктер жумалыгынын алкагында «Оригами технологиясы: кагазды бүктөө аркылуу фигураларды жасоо» аттуу мастер-класс өткөрүлдү. Аталган иш-чараны БКМ жана КТ ПЦКсынын окутуучусу Жолдошова М. алып барды.

Мастер-класстын негизги максаты — студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, майда моторикасын жакшыртуу жана окутуу процессинде инновациялык ыкмаларды колдонууга багыт берүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар оригаминин негизги ыкмалары менен таанышып, ар түрдүү фигураларды практикалык түрдө жасап көрүштү. Ошондой эле бул технологияны билим берүү процессинде колдонуу жолдору көрсөтүлдү.

Мастер-класс жандуу жана кызыктуу өтүп, катышуучулар пайдалуу тажрыйба алышты.