1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

8

Бүтүрүүчүлөр — биздин сыймыгыбыз: кесипке ийгиликтүү кадам

Педагогикалык колледжде бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик калыптанышына өзгөчө көңүл бурулат. Жакында колледждин окутуучусу Тобокелова Саламат Амановна менен биздин колледждин БКМк-2-22 тайпасынын бүтүрүүчүсү — Аманова Хадича жолугушуу өткөрдү. Бүгүнкү күндө Хадича Юсусов атындагы №65 орто мектебинде ийгиликтүү эмгектенип жатат.

Хадича 1-класска сабак берет жана кыска убакыттын ичинде өзүн жоопкерчиликтүү, чыгармачыл жана демилгелүү мугалим катары көрсөтө алды. Мектептин директору Хайтбаева Наргизанын айтымында, жаш мугалим жогорку деңгээлдеги кесиптик даярдыгын көрсөтүп, окуу процессин чебер уюштурат жана ар бир окуучуга жекече мамиле таба алат.

Бүтүрүүчүбүз 12 жылдык билим берүү программасы боюнча иштеп, заманбап окутуу ыкмаларын ишенимдүү колдонот жана сабактын түзүмүн туура пландаштырат. Хадича өзгөчө окуучулардын таанып-билүү активдүүлүгүн өнүктүрүүгө жана класста жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө көңүл бурат.

Окуу ишмердүүлүгүнөн тышкары, Хадича мектептин коомдук жашоосуна да активдүү катышат: ачык сабактарды өткөрөт, кесиптештери үчүн методикалык иш-чараларды уюштурат, ошондой эле ата-энелер менен мектептин кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган мазмундуу жана кызыктуу жыйындарды өткөрөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө Аманова Хадича педагогикалык колледждин окутуучуларына жана жалпы жамаатына алган билими, көрсөткөн колдоосу жана шыктандыруусу үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал булар анын кесиптик өсүшүнө бекем негиз болгонун өзгөчө белгиледи.

Айрыкча, мугалимдик кесипке болгон сүйүүсү күндөн-күнгө артып, балдар менен иштөө ага чоң кубаныч жана канааттануу тартуулап жатканын айтты.

Мындай жолугушуулар колледждеги сапаттуу даярдык бүтүрүүчүлөргө кесиптик жолго ишенимдүү кадам таштоого жана эмгек жолунун башында эле жогорку жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берерин дагы бир жолу тастыктайт.