1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

34

Кайрымдуулук — коомдун күчү, кайрымдуулук — боорукерликтин булагы.

Манас шаарында Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгынын алкагында педагогикалык колледжи тарабынан кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду. Бул демилгенин негизги максаты — аз камсыз болгон, майыптыгы бар жана турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө колледждин мугалимдери  муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк, керектүү буюмдар жана моралдык колдоо көрсөтүштү. Алар ар бир үй-бүлөгө жылуу мамиле жасап, көңүл буруу менен кайрымдуулуктун чыныгы маанисин көрсөтө алышты.

Мындай иш-чаралар инсандардын  жүрөгүндө боорукерликти, жоопкерчиликти жана адамгерчиликти тарбиялоодо чоң мааниге ээ. Колледж жамааты бул иш менен чектелип калбастан, мындан ары да коомго пайдалуу демилгелерди улантууну максат кылууда.

Кайрымдуулук — бул бир жолку жардам эмес, ал адамдарды жакындаткан, коомду бириктирген улуу күч экендигин бул иш-чара дагы бир жолу далилдеди.