1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

25

“Жаш математик ”КВН таймашы

Манас шаарындагы №4 мектеп-гимназиясында мамлекеттик практика өтөп жаткан БКМ-04-24 тайпасынын студенти Максуталиева Жибек тарабынан 31 –мартта 2-а класснынын окуучулары менен «Жаш математик» аттуу КВНдик таймаш уюштурулду. Таймашка практика жетекчиси Пахирдинова Лачынай, мектеп тарабынан жетекчиси Умарова Гулмайрам , Алыбаева Жумагүл катышты.

Иш-чаранын негизги максаты – окуучулардын математикага болгон кызыгуусун арттыруу, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана командалык иштөө жөндөмдөрүн калыптандыруу болду.

Таймаш кызыктуу жана мазмундуу этаптар менен коштолду:

1-тап: «Жоголгон сандар»

Бул этапта окуучулар берилген катардагы жетишпеген сандарды табышып, өздөрүнүн эсептөө жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

2-тап: «Сүрөттөн тап»

Окуучулар сүрөттөрдүн ичинен сандарды жана геометриялык фигураларды табышып, аларды боёп чыгышты. Бул тапшырма алардын байкоочулугун жана көңүл буруу жөндөмүн өнүктүрдү.

3-тап: «Тез тап» оюну

Бул оюнда окуучулар ыкчамдык менен суроолорго жооп берип, өздөрүнүн ылдам ой жүгүртүү жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

4-тап: «Маселени чыгаруу»

Берилген логикалык жана турмуштук маселелерди чыгарып, окуучулар математикалык билимдерин практикада колдонушту.

5-тап: «Мисалдарды иштөө»

Окуучулар ар түрдүү мисалдарды чыгарып, эсептөө көндүмдөрүн бекемдешти.

Таймаш жандуу, кызыктуу жана атаандаштык маанайда өтүп, окуучулар активдүү катышышты. Мындай иш-чаралар балдардын билимге болгон кызыгуусун арттырып, математика сабагын сүйүүгө түрткү берет.

Иш-чаранын жыйынтыгында бардык катышуучулар мактоо сөздөрүнө ээ болуп, активдүү окуучулар сыйланышты.