1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

20

Ош МПУ нун окутуучусу ЖАМУнун Педагогикалык колледжинде заманбап форматтагы конок лекция өттү

2026-жылдын 27-март күнү Педагогикалык колледжинин Дене тарбия адистигинин 2-курсунун студенттери үчүн, Ош мамлекеттик педагогкалык университетинин Колледжинин “Дене тарбия жана табигый илимдер” кафедрасынын окутуучусу Касымалы уулу Бакыт агай конок лекция өтүп берди. Лекция Волейбол сабагынан алган билимдерди жалпылоо деген темада болуп, анын негизги максаты студенттердин волейбол боюнча теориялык жана практикалык көндүмдөрүн системалаштыруу, ошондой эле болочоктогу адистерге оюндун тактикалык өзгөчөлүктөрүн заманбап усулдар менен түшүндүрүү болду. Бакыт агай сабак учурунда окутуунун заманбап интерактивдүү ыкмаларын колдонду. Бул конок лекция эки окуу жайдын ортосундагы тажрыйба алмашууну бекемдеп, студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга чоң түрткү берди. Студенттер волейбол оюнунун техникалык сырларын гана эмес, аны мектеп окуучуларына кантип кызыктуу жана натыйжалуу үйрөтүү керектиги боюнча методикалык сунуштарды алышты.

Педагогикалык колледждин жетекчилиги жана студенттер жаш адистерге терең билим жана тажрыйба бөлүшкөндүгү үчүн Касымалы уулу Бакыт агайга ыраазычылык билдиришти.