1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

15

Ош МПУ бүгүн бизде конокто

Бүгүн, 2026-жылдын 27-мартында билим берүү  кызматын көрсөтүү боюнча  академиялык мобилдүүлүгүн  ишке ашыруу максатында  Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Колледжинен  Дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасынын окутуучусу Нурмаматова Кулида Ураимовна “ Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий – билим берүү өндүрүштүк комплекси Педагогикалык колледжинин «Башталгыч класстарда окутуу» адистигинин  2-курстун студенттерине Курактык анатомия ,физиология жана гигиена дисциплинасынан “ Өсүп –өнүгүүнүн гармониялуулугун аныктоо. Жапыз тамандуулуктун жана дене боюнун бузулушунун (осанканын) келип чыгышы”деген темада студенттерге практикалык сабак өтүп берди. Сабак студенттердин  практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.

К.У.Нурмаматова студенттер практикалык сабактан алган таасирлери менен бөлүшүп, иш-чаранын соңунда айтылган каалоо-тилектер менен жыйынтыкталды.

Иш-чаранын жыйынтыгында мындай мобилдүүлүк окутуучулардын кесиптик чеберчилигин эле эмес, студенттердин билимге болгон умтулуусун дагы жогорулатат. ОшМПУнин колледжи менен ЖАМУнун Педагогикалык колледжинин  ортосундагы мындай тажрыйба алмашуу студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.