1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

15

ЖАМУнун Педагогикалык колледжинде конок лекция: “Глобалдык экологиялык проблемалар” темасында илимий негиздеги баян

2026-жылдын 27-мартында ЖАМУнун Педагогикалык колледжинде Мектепке чейинки билим берүү (МЧББ) адистигинин студенттери үчүн маанилүү илимий-агартуучулук иш-чара – конок лекция уюштурулду. Лекцияны Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинин Дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасынын окутуучусу Темирбаев Куштар Ташполотович алып барды.

Аталган лекциянын негизги максаты – студенттердин экологиялык маданиятын жогорулатуу, глобалдык экологиялык көйгөйлөр тууралуу илимий түшүнүктөрүн кеңейтүү жана келечектеги педагог катары алардын экологиялык жоопкерчилигин калыптандыруу болуп саналат.

Лекциянын жүрүшүндө глобалдык экологиялык проблемалардын мазмуну, келип чыгуу себептери жана алардын адамзат коомунун өнүгүүсүнө тийгизген таасири кеңири талданды. Айрыкча климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышы, абанын жана суунун булганышы, токой ресурстарынын кыскарышы сыяктуу актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Лектор бул көйгөйлөрдүн антропогендик факторлор менен тыгыз байланышта экендигин белгилеп, адам ишмердүүлүгүнүн жаратылышка тийгизген терс таасирин илимий фактылар аркылуу негиздеп берди.

Ошондой эле лекцияда туруктуу өнүгүү концепциясы, экологиялык билим берүүнүн мааниси жана мектепке чейинки билим берүү системасында экологиялык тарбиянын орду тууралуу илимий-педагогикалык аспектилер каралды. Студенттерге балдарга экологиялык аң-сезимди калыптандырууда оюн технологияларын, байкоо жүргүзүү ыкмаларын жана практикалык ишмердүүлүктү колдонуу зарылдыгы сунушталды.

Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, талкууга активдүү катышышты. Бул өз кезегинде алардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана теориялык билимдерин практикалык жагдайлар менен байланыштырууга өбөлгө түздү.