1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

78

 “Нооруз – береке жана ынтымак майрамы!” деген аталышта ачык сабак уюштурду.

Педагогикалык колледждин МЧББ ПЦКсынын МЧББб-2-23 тайпасынын студенти Пайзуллаева Айбийке шаардагы №33 “Бермет” МЧББУда мамлекеттик практиканын алкагында “Нооруз – береке жана ынтымак майрамы!” деген аталышта ачык сабак уюштурду. Бул сабакта балдар Нооруздун жаратылыштын жаңылануусу, берекенин келиши жана адамдардын ынтымакта жашоосу, ошондой эле, улуттук каада-салттар (сүмөлөк бышыруу, улуттук баалуулуктар, оюндар, саламдашуу, баталар) тууралуу билим-тарбия берилди.

Тема балдардын аң-сезимине улуттук баалуулуктарды, салт-санааны сиңирүү менен бирге, жаратылыштын ойгонушу аркылуу экологиялык түшүнүктөрдү калыптандырууга багытталган. Сабак оюн, ыр-бий, көркөм өнөрдүн үлгүлөрү аркылуу өткөрүлүп, жаш жеткинчектердин катышуучулардын эмоционалдык абалы жогору болуп, бири-бирин колдоо жана сыйлоо атмосферасы түзүлдү.

Студент-практикант өзүнүн кесиптик компетенттүүлүгүн, балдар менен иштөөдөгү уюштуруучулук чеберчилигин жана заманбап ыкмаларды колдоно билүү жөндөмүн көрсөтө алды. Жыйынтыгында практика жетекчиси Мамамтова А.Б. жана мекемедеги тарбиячылар тарабынан анализ берилип, сунуштар айтылды.