1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

25

«7-апрель — элдик революцияны эскерүү күнү: тарых жана сабак»

Бүгүн педагогикалык колледжде ЖББ ПЦКнын окутуучусу Калчакеева Айдай тарабынан БКМ 6-25 тайпасына «7-апрель — элдик революцияны эскерүү күнү: тарых жана сабак» темасында тарбиялык саат өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге революциянын келип чыгуу себептери, жүрүшү жана анын жыйынтыктары тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле талкуу уюштурулуп, студенттер өз ойлорун билдиришти. Сабакта жарандык жоопкерчилик, мекенге болгон сүйүү жана эл биримдигинин мааниси баса белгиленди.

Тарбиялык саат жогорку деңгээлде өтүп, студенттер үчүн пайдалуу жана таасирдүү болду.