1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

28

Нооруз – жаңылануунун, ынтымактын жана жакшылыктын символу болгон улуу майрам

Майрамга карата БКМбкэ-4-24 тайпасынын студенттери куратору Маткасымова Адина Мадаминовнанын жетекчилиги алдында майрамдык кече уюштурушту.

Иш-чара каада-салттарды даңазалоо, маданий мурастарды урматтоо жана студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү максатын көздөдү. Кеченин жүрүшүндө студенттер Нооруздун тарыхы жана мааниси тууралуу маалымат берип, улуттук ыр-бийлерди аткарышты.

Майрамдык кечеде конокторго жакшы маанай тартууланып, достук жана биримдик атмосферасы түзүлдү.