1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

27

Окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүнүн алкагында ОшМУга сапар

2026-жылдын 24-мартында билим берүү  кызматын көрсөтүү боюнча  академиялык мобилдүүлүгүн  ишке ашыруу максатында   Педагогикалык колледжинин «Башталгыч класстарда окутуу» адистигинин окутуучулары Ажикулова Актилек Маматовна, Досалиева Мунайым Молдалыевна, Маматкулова Назиракан Масиралиевна  , Мамбетова Мирагул Кожомбердиевна , Тобокелова Саламат Амановна ОшМУнун  Индустриалдык-педагогикалык колледжинин   барышты.

  Индустриалдык-педагогикалык колледжинин   студенттери менен окутуучуларына конок лекция катары  практикалык сабактарды өтүштү. Конок лекциялар Педагогика, Психология , Балдар адабияты көркөм окуу менен , Эне тили жана эне тилин окутуу усулу , Математиканын башталгыч курсунун негиздери жана математиканы окутуу усулу  дисциплиналарынан өтүлдү . Студенттерге заманбап ыкмалардын негизинде  теориялык маалыматтар түшүндүрүлдү. Сабак студенттердин  практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.

Иш-чаранын жыйынтыгында эки тарап тең билим берүү тармагындагы  актуалдуу маселелерди талкуулап, алдыдагы убакытта биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну макулдашышты. Мындай мобилдүүлүк окутуучулардын кесиптик чеберчилигин эле эмес, студенттердин билимге болгон умтулуусун дагы жогорулатууга шарт түзөт.

ОшМУнун  Индустриалдык-педагогикалык колледжинин директору М.Э.Манашов өзүнүн ой-пикирлерин айтып, ЖАМУнун Педагогикалык колледжинин жамаатына ыраазычылыгын билдирип сертификаттарды тапшырды.