1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

26

Академиялык мобилдүүлүктүн алкагындагы тажрыйба алмашуу иш-чарасы 

Бүгүн, 24-мартта Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун педагогикалык колледжинин окутуучулары: Арзыматова В.М, Маткасымова А.М., Пахирдинова Л, Касымова А.М., Бакеева Н. академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Ош технологиялык университетинин инженердик-гуманитардык колледжине барып, «Башталгыч класстарда окутуу» адистигинин 2-курс студенттерине бир катар дисциплиналар боюнча сабак өтүштү.

Иш-чаранын негизги максаты — окутуучулар арасында кесиптик тажрыйба алмашуу, окутуунун инновациялык ыкмалары менен бөлүшүү, ошондой эле эки окуу жайдын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди бекемдөө болду.

Сабактар заманбап педагогикалык ыкмалардын негизинде өтүп, студенттер активдүү катышуу менен өз билимдерин тереңдетүүгө жана жаңы тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк алышты. Өзгөчө көңүл бурулган жагдай — практикалык иш-аракеттердин көптүгү жана интерактивдүү методдордун колдонулушу болду.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө окутуучулар ортосунда мазмундуу пикир алышуулар жүрүп, келечектеги кызматташтыкты өнүктүрүү багыттары талкууланды.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун педагогикалык колледжинин жамааты Ош технологиялык университетинин инженердик-гуманитардык колледжинин жетекчилигине жана жамаатына жылуу кабыл алып, жогорку деңгээлде шарт түзүп бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирет. Мындай иш-чаралар билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдеп, сапаттуу билим берүүгө өбөлгө түзөрү шексиз.