1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

35

Улуттук салттар жана Айт майрамы – дүйнөлүк баалуулуктарга жол

Садыр Жапаров бекиткен “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” идеологиялык багытынын алкагында студенттер үчүн “Улуттук салттар жана Айт майрамы – дүйнөлүк баалуулуктарга жол” аттуу тарбиялык саат БКМб – 2- 24  группасына куратор Мамбетова М.К  тарабынан өткөрүлдү. Тарбиялык сааттын жүрүшүндө студенттер Айт майрамы тууралуу маалымат алып, топтук тапшырмаларга активдүү катышып, улуттук оюндар жана ырлар аркылуу майрамдык маанайды жаратышты. Ошондой эле программа боюнча улуу муун өкүлдөрү  жана ЖАПКнын директору К. Салибаева тарабынан бата берилип, жаштарга ак тилектер айтылды. Техникалык жана чарба кызматкерлеринин улуу өкүлдөрү чакырылып, аларга ыраазычылык айтып, белектерин беришти.

Иш-чара студенттердин руханий дүйнөсүн байытууга жана улуттук баалуулуктарды урматтоого багытталган маанилүү тарбиялык иш-чара болду.